Радио

Шамыркулова: 2024-жылы социалдык контракт алчулардын тизмеси кеңейүүдө

Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Гүлмира Шамыркулова 2024-жылга карата социалдык контракт алуучулардын тизмеси кеңейгендигин билдирди.
Sputnik
Быйыл деле "Социалдык контракт" долбооруна жөлөк пул алгандар, жакыр үй-бүлө деген макамдагы социалдык паспорту барлар жана үй-бүлө мүчөсүнүн бири майып болгондор да катыша алышат. Бул тууралуу Гүлмира Шамыркулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, социалдык контракт алууну каалагандар атайын окутуулардан өткөрүлөт.

"Социалдык контракт" долбооруна катышууну каалагандар алгач айыл өкмөттөргө арыз менен кайрылат. Алар багытын туура тандоо үчүн белгиленген окутуулар өтөт. Келип түшкөн арызда алынган каражатты кайсы тармакка жумшаары да көрсөтүлөт. Биз жерине барып иликтөө иштерин жүргүзүп келебиз. Мисалы, мал багам десе анын сарайы болушу шарт, тигүү тармагына иштетем десе үйүндө атайын бош бөлмөсү болушу керек. Отурган үйүнө эле тигүүчү машинаны орнотуп алганга уруксат берилбейт. Андан соң ошол багытта иштесе бир жумада канча киреше табат, бир айда кирешеси канча болот, баары эсептелип чыгат. Акча колуна тийген соң да биздин кызматкерлер сатып алуу процессине катышат. Быйыл үй-бүлөдө майыптыгы бар киши болсо аларга да социалдык контрактыга катышууга мүмкүнчүлүк берилүүдө. Буга чейин мындай өзүнчө бөлүм каралган эмес эле", — деди Шамыркулова.

Андан сырткары, аталган айыл өкмөт өз бюджетинен 100 миң сомдон карап, алты үй-бүлөгө ушул эле долбоордун алкагында жардам берүү алдында турганын билдирди.