Бишкектин бир бөлүгүндө 3-июнда электр кубаты өчүрүлөт. График

Электриктердин бригадасы зымдарды тартып, бутактарды кесип, жабдууларды оңдоп, пландалган иштерди жасашат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө баш калаанын бир катар райондорунда электр кубаты жок болорун "Бишкек электр тармактары" ишканасынан билдиришти.
Электр кубаты өчө турган жерлер жана убактысы:
9:30 - 17:00 — 7-кичи райондогу № 9 үйдө;
9:30 -17:30 — Западная, Саратов көчөлөрүнүн тилкесинде;
9:00 -17:00 — Токтоналиев көч. № 48, 50 үйлөрдө, Ала-Тоо конушунда (Кара-Сай, Ак-Булак, Көк-Кыр көч.);
13:00 - 17:00 — Ак-Өргөө конушунда (Үркөр, Таттыбүбү көч.);
9:00 - 13:00 — Киев, Сыдыкова, Бейшеналиева көч. тилкелеринде;
9:00 - 18:00 — Арча-Бешик конушунда ( Он-Арча, Бердибаев, Шералиев, 6-линия, 7-линия көч.);
9:00 - 12:00 — Арча-Бешик конушунда (Сары-Булуң, Эр Тайлак, Чатыр-Көл, Сулуу-Төр, Айылчиев, Репин, Кара-Кужур көч.).
9:00 -17:00 — Залкар, Улукман, Щербаков, Умай Эне көч. тилкелеринде, Ак-Босого конушунда (1-6-көчөлөрдө, Профессор Зима, Садаев, Манас көч.), Патрис Лумумба атындагы көчөдөгү №139 үйдө;
9:00 - 18:30 — Турусбеков, Манас, Күрөңкөев, Кудрук, Белинская, Мичурин, Түп, Шевченко, Үметалиев, Журнальная, Интернациональная, Тимирязев, Калык Акиев, Ат-Башы, Ташкент, Табышалиев, көч. тилкелеринде, Офицерский, Долон, Тимирязев, Огородный, Жыргалаң кууш көчөлөрүндө;
9:00 -12:00 —Сельповская көч. № 74 үйдө.
Июндун башында аба ырайы кандай болот? Бир жумага карата божомол