3-июнга карата аба ырайы

3-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. 3-июнь, дүйшөмбүдө, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл жергесинде +18...+23, Нарын өрөөнүндө +20...+25 градус болот.
Күндүн табы борбор калаада +26...+28, Ош шаарында өткүн өтүп, +30...+32 градус болот. Ал эми Чолпон-Атада +18...+20 градус болорун айтышты.
Июндун башында аба ырайы кандай болот? Бир жумага карата божомол