Кыргызстан бодо малды сыртка көп сатуудаИрандын тарыхында биринчи жолу аял президенттик шайлоого катышатЭнергетикага Сауд Арабиядан инвестиция тартуу боюнча суйлошуулор журду алдыда кененирээкЭнергетика министри Таалайбек Ибраев Сауд Арабиянын инвестиция министри Халид Аль-Фалих менен жолугуп, энергетика тармагында кызматташуу, инвестиция тартуу маселелерин талкуулады. Кыргызстанда ГЭСтерди куруу жана модернизациялоого, энергетикалык инфраструктураны жаңылоого, газ инфраструктурасын өнүктүрүүгө Сауд Арабиядан инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Сауд Арабиянын Инвестиция министрлиги энергетика министрине бир катар арабиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурду. Анда министр Казарман дарыясындагы ГЭС каскады, Суусамыр-Көкөмерен дарыясындагы ГЭСтер каскады, Чаткал ГЭСи, Сары-Жаз дарыясындагы ГЭСтер каскады, Жогорку-Нарын ГЭС каскады тууралуу айтып берди.Энергетика министри ушул күндөрү арап өлкөлөрүндө иш сапары менен жүрөт. 29-майда Эр-Рияд шаарында «Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбор Азия» форматындагы инвестициялык форумга катышкан.
Январь-март ичинде Кыргызстан сыртка 83,8 миң баш мал саткан. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматтарында айтылат. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 45,4 миңге көп. Маалыматтар: Ат, качыр, эшек — 1 570 баш - былтыркы январь-мартта 1 862 болгон; Бодо мал — 27 487 - 2 117 болсо, эми 13 эсе көбөйгөн; Кой-эчкилер — 54 782 - былтыр 41 425 эле. Мал негизинен Өзбекстанга сатылган, биринчи категория Казакстан, Кытай, Россия жана Өзбекстанга экспорттолгон.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды. Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Матраимовдун баш коргоо чарасын узартуу тууралуу өтүнүчтү сотко УКМКнын тергөөчүсү жиберген. Соттун чечимине ылайык, Райымбек Матраимов 26-июнга чейин камакта калтырылды. Быйыл 25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматтары менен биргеликте Бакуда эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду кармаган. Аны менен бирге анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор кармалган. Анын ичинен Тилек Матраимов 26-апрелде үй камагына чыгарылган.
"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" диспетчерлер менен айдоочуларды жумушка чакырат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жумушка 18ден 35 жашка чейинки адамдар алынат. Диспетчерлердин айлыгы 24 миң сом, ал эми D категориясы бар айдоочулардын маянасы 40 миң сомдон башталары айтылды. Ошондой эле В жана С категориялары бар айдоочуларга D категориясына өтүүгө акысыз окуу менен стажировка каралган. Бардык суроолор боюнча 0312 531789 номерине кайрылууга болот.
Зохре Элахиан Ирандагы кезексиз президенттик шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткөн биринчи аял болгонун Sputnik радиосу жазды. Шайлоо мамлекет башчы Ибрахим Раиси авиакырсыктан каза болгондон кийин белгиленген. "Зохре Элахиан президенттик шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткөндөн кийин: "Менин өкмөтүмдүн урааны — "бекем өкмөт, бекем экономика жана бекем коом", – деп билдирген. Иранда майдын аягына карата президенттик кызматка баруу үчүн парламенттин мурдагы төрагасы Али Ларижани, Борбордук банктын мурдагы башчысы Абд-оль Насер Хеммати, Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили жана Ислам революциясында Сакчылар корпусун башкарган генерал Сейед Вахид Хагганиан сыяктуу саясатчылар каттоодон өткөн.