УКМК Сузакта диний-экстремисттик уюмдун алты мүчөсүн кармады. Видео

Кармалгандар экстремисттик идеологияны терең жайылтып, катарын калыңдатууну көздөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда диний-экстремисттик уюмдун алты мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматында, "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" уюмунун активдүү жактоочулары Бек-Абад айылында экстремисттик идеологияны терең жайылтып, катарын калыңдатууну көздөшкөн.
Тинтүүдө экстремисттик мүнөздөгү көп сандагы адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор жана электрондук каражаттар табылган.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, алардын шериктерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.
Атайын кызмат жарандарга Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертти.
Таласта алтын өндүрүүчү компаниянын мурдагы башкы директору кармалды