УКМК пара алып жаткан жеринен ТЭЦтин кызматкерин кармады

Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Энергетикадагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу иштеринин алкагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 3 200 доллар пара алып жаткан жеринен Бишкек жылуулук электр борборунун (ТЭЦ, ЖЭБ) кызматкери кармалганын УКМК кабарлады.
Маалыматта аккредиттелген химиялык лабораториянын жооптуу адиси коррупциялык схема уюштуруп, акчалай сыйлыкка катуу отундун протоколдук сыноолорунун корутундусун даярдап берип турганы жазылган.
"Буга чейинки иликтөөдө аныкталган маалыматтар тастыкталып, анын негизинде жеке ишкерден 3 200 доллар алып жаткан жеринен С.Э.С. аттуу кызматкер кармалды", — деп айтылат кабарда.
Адис убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Таласта алтын өндүрүүчү компаниянын мурдагы башкы директору кармалды