Патент менен иштегендер бир айдын ичинде башка салык режимине өтүшү керек

1-июлдан тартып патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулуп, ишкерлер жалпы же бирдиктүү салык режимдерин тандай алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Салык кызматы патенттин негизинде соода кылган ишкерлердин башка салык режимине өтүүсүнө бир ай калганын эскертти.
Эскерте кетсек, 1-июлдан тартып патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат. Ишкерлер жалпы же бирдиктүү салык режимдерин тандай алышат.
"Стратегиялык объектилерге кирген "Дордой" жана "Тураталы эл базары" ("Кара-Суу") базарлары өзгөчө салык режимине өтүүгө милдеттүү", — деп жазылган маалыматта.
Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, базар администрацияларынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Салык кызматы: накталай эмес төлөмдөрдү гана кабыл алгандар ККМден бошотулат