Ийгиликке жетүү үчүн аракетчил, эрктүү болгула! Садыр Жапаров балдарды куттуктады

Президент ар бир бала бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушу керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Кыргызстан балдарды туура тарбиялоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо маселесине улуттук артыкчылыктардын бири катары маани берип келерин белгилеген.
Президент "Келечекке салым" аттуу мамлекеттик балдар депозити боюнча жарлыктын алкагында томолой жетим балдардын ар бирине эсеп ачылып, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу укуктарын камсыз кылуу үчүн 18 жашка толгондо 500 миң сомдон акча каражаты берилерин кошумчалаган.
"Ар бир бала бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушу керек. Биздин эртеңки күнүбүз, коомубуздун бакубаттуулугу балдарыбыздын туура тарбия, терең билим алышы үчүн кандай кам көргөндүгүбүзгө жараша болору анык. Эч нерседен жалтанбаган, ар өнөргө эптүү, ар бир ишке шыктуу, ою тунук, акылы жетик, терең билимге сугарылган, ата тарбиясы менен эне адебин көргөн балдар гана Ата Мекенибиздин эртеңки жаркын келечегин түптөй алат. Андыктан, балдарым, ийгиликке жетүү үчүн аракетчил, эрктүү, эр жүрөк, боорукер жана адамгерчиликтүү болууну эсиңерге түйгүлө!" — деген Жапаров.
Москвада кароосуз калган беш ымыркай Бишкекке алып келинди