Райым Матраимов 26-июнга чейин камакта калтырылды

Сот УКМК тергөөчүсүнүн арызын канааттандырган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Биринчи май райондук соту мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, 26-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Маалым болгондой, сот УКМК тергөөчүсүнүн арызын канааттандырган. Ал июндун аягына чейин камакта калмай болду.
Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169 ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу"), 222инчи ("Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин мыйзамдаштыруу" (адалдоо) беренелери менен күнөөлөнүп жатат.
Матраимовго январда издөө жарыяланып, кийин апрелде колго түшүрүлгөн. УКМК Райым Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин билдирген.
Ташиев: Райым Матраимовдон 200 млн. доллардай алынат. Видео