Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон Украинадагы кризис үчүн жоопкерчилик алуудан баш тартууда

Пентагондун жетекчиси азыркы кырдаалга НАТОнун кеңейүү ниети эмес, дал Россия күнөөлүү экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Украинадагы чатактын курчушуна НАТОнун жана анын кеңейүүгө умтулуусу себеп болгонуна жоопкерчилик алуудан баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Остин Сингапурда Азия-Тынч океан аймагындагы коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү "Диалог Шангри Ла" саммитине катышкан.
"Мен сиздин НАТОнун кеңейүүгө умтулуусу украиналык чатакты ырбатты деген позицияңызга кошула албайм", — деген журналисттердин биринин суроосуна жооп берип жатып.
Пентагондун жетекчиси азыркы кырдаалга НАТОнун кеңейүү ниети эмес, дал Россия күнөөлүү экенин айткан.
Россия Украинадагы атайын операцияны 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген.
РФ лидери атайын операция аргасыздан жасалган кадам экенин, Россиянын "башка жолу калбаганын, коопсуздук жаатындагы тобокелдиктер башкача чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей калганын" белгилеген. Путиндин айтымында, Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылган, бирок алданып, кысымга жана опузалоого тушугуп келген. Ал арада альянс Москванын каршылыгына карабай кеңейип, барган сайын Россиянын чек арасына жакындай берген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров НАТО Киевге F-16 берсе, ал өзөктүк тармактагы коңгуроо болорун айтты