Ош шаарында таштанды иргөөчү ишкана ачылды. Сүрөт

Аталган объект "Таза-Комплекс" ишканасы тарабынан курулуп, анда 80ден ашык жумушчу орун түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Ош шаарында таштанды иргөөчү ишкана ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимдердин алкагында "Катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү станциясын түзүү" долбоору ийгиликтүү ишке ашты.
1 / 3

Ош шаарында таштанды иргөөчү ишкана ачылды

2 / 3

Билдирмеге караганда, Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимдердин алкагында "Катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү станциясын түзүү" долбоору ийгиликтүү ишке ашты

3 / 3

Ишкананы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көрүп чыккан

Ишкананы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көрүп чыккан.
Аталган объект "Таза-Комплекс" ишканасы тарабынан курулуп, анда 80ден ашык жумушчу орун түзүлгөн. Иш оруну дагы да көбөйө турганы белгиленди.
"Долбоор эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта станция курулса, экинчи этапта кайра иштетүүчү экотехнопарк түзүлүп, калдыктардын түзүлүшүн аныктоого квалификациялуу адистер жана жумушчулар даярдалмакчы", — деп жазылат кабарда.
Сорттоочу комплекс Россия менен Европанын алдыңкы заманбап технологиялары менен камсыздалганы кошумчаланды.
Кыргызстанда жүн баалуу продукцияга айланып, Кытайга экспорттоло баштады