Радио

Кыргызстандыктар дарыланууга көбүнесе Түркия, Россия, Индияга барышат

Медициналык туризм боюнча адис, ASMER Medical борборунун негиздөөчүсү Асел Курманбекова кыргызстандыктар боор, бөйрөк, жүлүн жана чучук алмаштыруу, нейрохирургиялык операциялар үчүн чет өлкөгө барышарын айтты.
Sputnik
Кыргызстандыктар тышкы медициналык туризм үчүн көбүнесе Түркия, Россия, Индияга барышат. Бул тууралуу Асел Курманбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, интернеттин мүмкүнчүлүктөрү, жарнаманын кенен жайылышы, туруктуу баага, жогорку медициналык технологияларга байланыштуу тышкы медициналык туризм жакшы жайылган.
"Акыркы жылдары тышкы медициналык туризмге кеткендердин саны кескин өстү. Анын түрдүү себептери бар. Мисалы, кээ бири мүмкүнчүлүгү жетип, чет өлкөдө эс алууну ден соолугун да текшертүү менен айкалыштырып келет. Ал эми айрымдары атайын операция жасатууга барат. Эгерде оору Кыргызстанда дарыланбаса, жогорку технологияларга тиешелүү болуп, өлүмгө кептей турган учурда башка өлкөгө кетүүгө туура келет. Алсак, боор, бөйрөк, жүлүн жана чучук алмаштыруу, нейрохирургиялык, онкологиялык операцияларды өнүккөн өлкөлөрдө кылууга сунушталат. Анткени андай процедуралар бизде эч жасалбайт же аз жасалат, балким жаңыдан гана жасалып баштагандыр. Кыргызстандыктар тышкы медициналык туризм үчүн көбүнесе Түркия, Россия, Индияга барышат. Интернеттин мүмкүнчүктөрү, жарнаманын кенен жайылышы, туруктуу баага, жогорку медициналык технологияларга байланыштуу көбү тышкы медициналык туризмди тандап жатышат", — деди Курманбекова.
Ошондой эле ал акыркы учурда Кыргызстанда эл аралык клиникалар ачылып, оор операциялар жасалып, чет өлкөгө баргандар азая баштаганын кошумчалады.