Кыргызстанда жүн баалуу продукцияга айланып, Кытайга экспорттоло баштады

Акыркы үч жума ичинде коңшу өлкөгө 20 тоннадан ашык жүн экспорттолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстан иштетилген жүндү Кытайга экспортко чыгара баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, акыркы үч жума ичинде аталган өлкөгө Кыргызстандан 20 тоннадан ашуун жүн экспорттолгон.

"Бишкектеги Фрунзе заводунун аймагында жайгашкан ишкана бир гана жүн эмес, андан жасалган даяр продукцияны да чет өлкөгө ийгиликтүү чыгарып турмакчы. Бүгүнкү күндө завод ак жүндүн бир килограммын 60-100 сом, кара жүндү 10-15 сомго баалап, сатып алууда. Иштетилген жүндөн улуттук кийим-кече, жууркан-төшөк, кийизден жасалган түрдүү буюм-тайымдар чыгарылат", — деп жазылат маалыматта.

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жүндү кайра иштетүүнү колго алуу керектигин айтып, айыл жергесинде каралбай, ыргытылып жаткан жүндүн баалуулугун арттыруу аркылуу мал кармаган жарандардын кирешесин көтөрүү керектигин белгилеген.
Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштады. Алгачкы 10 тонна эт жөнөтүлдү