Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Киев менен Европа АКШдан жалпы Россияга сокку урууга уруксат сурап жатат

Буга чейин Байден Харьковдун кооптуулугуна коркунуч жараткан Россиянын аймактарындагы буталарды америкалык курал менен аткылоого Украинага уруксат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Киев жана Европадагы аткаминерлер АКШдан Россиянын бардык аймактарына сокку урууга уруксат берүүнү сурашууда. Бул тууралуу РИА Новости Politico гезитине таянып кабарлады.
"Байдендин Россиянын аймагына сокку уруу маселесинде кабыл алган чечими, кыязы, ага жасалып жаткан кысымды күчөтөт сыяктуу. Украина жана европалык аткаминерлер Байденди саясатын кайрадан өзгөртүүгө мажбурлап, бул жолу Киевдин жалпы Россияга кол салуусуна мүмкүнчүлүк бергендей кылып өзгөртүүнү талап кылышмакчы", — деп жазат басылма.
Буга чейин АКШ президенти Жозеф Байден Харьковдун кооптуулугуна коркунуч жараткан Россиянын аймактарындагы буталарды америкалык курал менен контрбатареялык күрөш жүргүзүү үчүн аткылоого Украинага уруксат берген. Бирок ыкчам-тактикалык ATACMS ракеталарын жана алыска атылуучу башка каражаттарга салынган тыюу күчүндө калган.
Соңку учурларда Батыштын саясатчылары Украинанын Куралдуу күчтөрү Россия аймактарына чабуул жасашы керектиги тууралуу көбүрөөк айта башташты. Мындай чакырыкты жакында эле НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг да жасаган. Эртеси Франция лидери Эммануэль Макрон бул позицияны колдой турганын, Украина Россияны кайсы жактан аткылап жатса, ошол жерлерде чабуул жасоо керектигин айткан. Дания ТИМ башчысы Ларс Лекке Расмуссен мындай сокку жасоо үчүн F-16 истребителдерин колдонууга Киевге уруксат берерин жар салып жиберген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров НАТО Киевге F-16 берсе, ал өзөктүк тармактагы коңгуроо болорун айтты