Касымалиев Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышат

Иш-чара 1997-жылдан бери уюштурулуп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга Кыргызстандын атынан өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев катышат.
Дүйнөдөгү ири форум 5-8-июнда өтмөкчү.
Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форум 1997-жылдан бери уюштурулуп келет. Ага ондогон мамлекеттин өкүлдөрү катышат. Форум негизинен россиялык жана чет элдик ири компаниялардын жетекчилерине, мамлекет башчыларга, өкмөт өкүлдөрүнө багытталган.
2021-жылы форум коронавирус пандемиясындагы чектөөдөн кийин жолугушуу форматында өткөн дүйнөдөгү ири иш-чара болгон.
Радио
Кыргызстан Татарстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасайт