Грузиянын премьери бейөкмөт уюмдардын революция жасоо аракеттерин айтты

Кобахидзе Грузия менен АКШ элдеринин кызыкчылыгы үчүн Тбилиси менен Вашингтондун мамилеси кайра каралышы керектигин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Грузиядагы АКШ каржылаган бейөкмөт уюмдар төңкөрүш жасоого аракет кылганын өлкөнүн премьер-министри Ираклий Кобахидзе билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Сырттан каржыланган, анын ичинде АКШдан акча алган бейөкмөт уюмдар өкмөттүн отставкасын талап кылганда революция сахнасында турушту. Революция жасоого эки жолу аракет кылышты, өткөн жумада үчүнчүсү болду", — деген өкмөт башчы.
30-майда грузин бейөкмөт уюмдары чогулуп билдирүү жасап, парламенттин чет элдик агенттер боюнча мыйзамынын үстүнөн Конституциялык сотко даттанууну пландап жатышканын айтышкан.
Кобахидзе Грузия менен АКШ элдеринин кызыкчылыгы үчүн Тбилиси менен Вашингтондун мамилеси кайра каралышы керектигин кошумчалаган.
"Грузия-Америка мамилеси чындыгында кайра каралышы керек, биз муну АКШнын элчиси менен талкууладык. Мурдагы элчинин тушунда көп нерсе бузулган", — деген ал.
Ал 24-майда чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга байланыштуу Грузия менен эки тараптуу кызматташтыкты кароо боюнча жарыялаган мамлекеттик катчы Антони Блинкендин сөзүнө ушинтип жооп берген. Вашингтон виза чектөөлөрү боюнча да жаңы саясат киргизүүдө.
“Сорос-Кыргызстан” фонду ишмердүүлүгүн токтотту