Будапештте НАТОнун аракеттерине каршы ири тынчтык маршы өтүп жатат. Видео

Уюштуруучулардын айтымында, жүрүшкө провинциядагы эле эмес, Румыния, Польша, Улуу Британия, Германия, АКШ жана Канадада жашаган венгрлер да келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Будапештте Венгрияны Украина жаңжалына аралаштырууга жана НАТОнун Европада жаңы согуш ачуусуна каршы тынчтык маршы өтүп жатат. Ага он миңдеген киши катышып жатканын РИА Новости жеринде жүргөн кабарчысына таянып билдирди.
"Европа лидерлери согуш менен ооруп калышты. Акча, курал-жарак, аскердик техникадан кийин эми Украинага аскердик жардам жөнөтүүнү көздөп жатышат. Франция президенти өзөктүк курал пайдаланууну талкууга чыгарды. Мындай акылсыздыкты токтотушубуз керек", — деп айтылат "Жарандык альянс форумунун" билдирүүсүндө.
Венгриянын булуң-бурчунан келип маршка катышып жаткандар колдоруна улуттук желегин көтөрүп, өз шаарлары жазылган плакаттар менен басышкан. Улуттук ырлар ырдалып, патриоттук ураандар жаңырууда.
Жүрүштүн уюштуруучулары келген элге кайрылып жатып, Европадагы жаңы согуш "фантасмагория болуудан калганын", анткени "НАТО жетекчилиги ага даярдануу менен алек" экенин айтышты. Мындан тышкары, алар маршка өлкөнүн провинцияларынан эле эмес, Румыния, Польша, Улуу Британия, Германия, АКШ жана Канадада жашаган венгрлер да келгенин маалымдашты.
Жүрүш Будапешттин чок ортосунда Дунайды бойлой өтүп жатат. Ал Маргит аралына токтоп, келгендердин алдында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан сүйлөй турганы айтылган.
Өкмөт башчы буга чейин "Брюсселдин согушам деген ажаандыгын" токтотуп калбаса азыркы күндө болуп жаткан процесстер үчүнчү дүйнөлүк согушту шарттаган окуя болуп каларын, ал тургай эпизоду делиши да мүмкүн экенин белгилеген. Орбан Батыш лидерлери менен ЖМКларынын билдирүүлөрү Европанын Россия менен болчу согушка дардык көрүп жатканын тастыктап турарын айткан. Анын баамында, НАТОнун Брюсселдеги жумушчу топтору альянстын Украина чатагына кандайча аралашарын аныктап жатышат. Ал эми НАТОго мүчө Венгрия альянстын мындай аракеттеринен кандай жол менен оолак боло аларын ойлонуп жаткан чагы.
Буга чейин да ушундай эле марш 2022-жылдын мартында өткөн, анда демонстранттар Украинага курал-жарак берүүгө жана Венгрияны жаңжалга аралаштыруу аракетине каршы чыгышкан. Уюштуруучулардын баасында, эки жыл мурун жүрүшкө жарым миллион киши катышкан. Ал эми Венгриянын калкынын саны 10 миллионго жетпейт.
Венгрия премьери: 2024-жылы Батыш цивилизациясынын доору бүтүшү мүмкүн