Бишкекте Театр менеджерлеринин Вахтанг фестивалынын сессиясы өтүүдө. Видео

Фестивалдын катышуучулары маданият тармагындагы эл аралык кызматташтыкты талкуулашат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкекте Театр менеджерлеринин Вахтанг фестивалынын биринчи эл аралык сессиясы башталды.
Иш-чара Тарых музейинде өтүүдө. Бүгүн, 1-июнда, башталган фестиваль 5-июнга чейин созулуп, бир катар темалар ортого салынат.
1 / 3

Бишкекте Театр менеджерлеринин Вахтанг фестивалынын биринчи эл аралык сессиясы башталды

2 / 3

Иш-чара Тарых музейинде өтүүдө

3 / 3

Бүгүн, 1-июнда, башталган фестиваль 5-июнга чейин созулуп, бир катар темалар ортого салынат

Фестивалдын катышуучулары театралдык билим берүүнү, маданият тармагындагы эл аралык кызматташтыкты, Россиядагы гастролдук жана фестивалдык иш-чараларды, РФ жана КМШ өлкөлөрүндөгү театралдык менеджментти, театрдык долбоорлорду ишке ашырууну жана заманбап театр технологиясын колдонууну талкуулашат.
Акылбек Жапаров: Көчмөндөр оюндары КМШда маданий жетишкендиктерге кирет