Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Батыш Украинадагы нацизмдин бардык түрүнө көз жумуп келүүдө

Дипломат Батыштын Россияга каршы күрөшүү үчүн каалагандай калчанган Зеленскийдин командасы ыңгайлуу экенин, дал ушул себептен Украинанын ишке ашкан да, ашпай калган да аракеттери кечирилип келе жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жамааттык Батыш Украинадагы нацизмдин бардык түрүнө көз жуумп келүүдө, анткени өлкө ага Россияга каршы күрөшүү үчүн гана керек. Бул тууралуу "Без срока давности" долбоору үчүн маегинде РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдирди. Интервью ведомствонун сайтына жарыяланган.
Дипломат өз сөзүндө Экинчи дүйнөлүк согуш, Улуу Ата Мекендик согуш, фашизм тууралуу айтып, тарыхты бурмалоонун кесепетин түшүндүрүп берген.
Лавровдун маегинин урунттуу учурлары:
тарыхты жаңылап жазып, нацизимди жеңгендерди кайра ошол улутчулдарга теңөө аракеттерин байкап жатабыз. Бул Украинанын мисалында өтө так, даана көрүнүп турат;
прибалтикалыктар поляктар жана чехтер менен чогулса европалык структуралардагы эң эле агрессивдүү топ болот. Бул мамлекеттер ЕБ менен НАТОдо русофобиялык позицияларды жигердүү демилгелешет;
орус тилине, маданиятына, ЖМКсына тыюу салган бир да мыйзамга, бир да билдирүүгө Батыш эч кандай реакция жасаган жок;
РФ ТИМи жана башка коомдук уюмдары жыл сайын нацизмди баатырлыкка теңештирүү аракеттери тууралуу доклад жасашат. Бул иштин мааниси абдан чоң, анткени тарыхын сактабаган эл ошол тарыхына татыктуу боло албайт.
Россия: НАТО Россияга өзөктүк чабуул коюу боюнча сценарийлерди карап жатат