Баткенде элди сугат суу менен камсыздачу 46 чакырымдык канал курулду

Долбоордун баасы 500 миллион сомго айланып, Кытай тараптан грант катары каржыланган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Баткен районунда элди сугат суу менен камсыздаган 46 чакырымдык Р-4 каналы курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Ачылышына айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев менен облус башчысы Абдикарим Алимбаев катышкан.
1 / 2

Баткен районунда элди сугат суу менен камсыздаган 46 чакырымдык Р-4 каналы курулду

2 / 2

Маалыматта мурунку 16 чакырымдык каналдын ордуна курулган жаңысы Баткен районун жана Баткен шаарын сугат суу менен камсыздай турганы айтылды

Маалыматта мурунку 16 чакырымдык каналдын ордуна курулган жаңысы Баткен районун жана Баткен шаарын сугат суу менен камсыздай турганы айтылды.
Долбоордун баасы 500 миллион сомго айланып, Кытай тараптан грант катары каржыланган.
Каналдан сырткары 28,5 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы бүткөрүлүп, муниципалдык бакка айланган. Курулуштун баасы 77 миллион сомдой болгон.
Өзгөндө эки ири көпүрөнүн курулушу жыйынтыкталып калды. Сүрөттөр