Айдоочулардын эсине. Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 8 күнгө жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, көчөнүн аталган бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери башталды.
Мэрия келтирген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, айдоочуларды маршрутту алдын ала пландап чыгууга чакырды.
Бишкекте бир топ көчө оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат. Тизме