2-июнга карата аба ырайы

2-июнда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жекшембиде республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 25…30, Талас аймагында 23…28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 27…32, Ысык-Көл жеринде 17…22, Нарын өрөөнүндө 19…24 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 28…30, Ош шаарында 29…31 градуска чейин көтөрүлөт.
Ууланып каласыз! Пляжга алып барууга болбой турган тамактардын тизмеси