Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.Жапаров Кыргызстан балдарды туура тарбиялоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо маселесине улуттук артыкчылыктардын бири катары маани берип келерин белгилеген.Президент "Келечекке салым" аттуу мамлекеттик балдар депозити боюнча жарлыктын алкагында томолой жетим балдардын ар бирине эсеп ачылып, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу укуктарын камсыз кылуу үчүн 18 жашка толгондо 500 миң сомдон акча каражаты берилерин кошумчалаган."Ар бир бала бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушу керек. Биздин эртеңки күнүбүз, коомубуздун бакубаттуулугу балдарыбыздын туура тарбия, терең билим алышы үчүн кандай кам көргөндүгүбүзгө жараша болору анык" — деген Жапаров.
Кыргызстан иштетилген жүндү Кытайга экспортко чыгара баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады. Билдирмеге караганда, акыркы үч жума ичинде аталган өлкөгө Кыргызстандан 20 тоннадан ашуун жүн экспорттолгон. "Бишкектеги Фрунзе заводунун аймагында жайгашкан ишкана бир гана жүн эмес, андан жасалган даяр продукцияны да чет өлкөгө ийгиликтүү чыгарып турмакчы. Бүгүнкү күндө завод ак жүндүн бир килограммын 60-100 сом, кара жүндү 10-15 сомго баалап, сатып алууда. Иштетилген жүндөн улуттук кийим-кече, жууркан-төшөк, кийизден жасалган түрдүү буюм-тайымдар чыгарылат", — деп жазылат маалыматта. Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жүндү кайра иштетүүнү колго алуу керектигин айтып, айыл жергесинде каралбай, ыргытылып жаткан жүндүн баалуулугун арттыруу аркылуу мал кармаган жарандардын кирешесин көтөрүү керектигин белгилеген.
Салык кызматы патенттин негизинде соода кылган ишкерлердин башка салык режимине өтүүсүнө бир ай калганын эскертти. Эскерте кетсек, 1-июлдан тартып патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат. Ишкерлер жалпы же бирдиктүү салык режимдерин тандай алышат."Стратегиялык объектилерге кирген "Дордой" жана "Тураталы эл базары" базарлары өзгөчө салык режимине өтүүгө милдеттүү", — деп жазылган маалыматта. Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, базар администрацияларынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Бугунтон тарта Кыргызстанда жылуулук менен ысык суунун тарифтери көтөрүлду. Минкабдын токтому боюнча, жылуулукка тариф 25 пайызга кымбаттайт. Тагыраагы, эми бир гигакалория үчүн төлөм 1 248 сомдун ордуна 1 560 сом болот. Көрсөтүлгөн сумманы батирлеринин аянты 80 чарчы метрден ашпаган абоненттер төлөйт. Эгер батир мындан чоң болсо, анда башка сумма төлөнөт. Энергетиктердин алдын ала эсептөөсү боюна, мисалы, батирдин аянты 100 чарчы метр болсо анын 80 чарчы метри үчүн 1 560 сомдук тариф менен төлөнөт. Калган 20 чарчы метрине бир гигакалория үчүн 2918 сомдук тариф менен эсептелинет. Ысык суунун баасы бир куб метрине 94 сом, ал эми бир адамга керектөө нормасы боюнча айына 449 сом турат.