ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери Алматыда талкуулаган маселелер

Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Алматыда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында коргонуу министрлеринин отуруму өттү.
Төмөндө аталган иш-чаранын урунттуу учурларына токтолобуз:
уюмдун аймактарындагы аскердик-саясий кырдаал жана анын мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасири тууралуу кеп болду;
НАТОнун Грузиядан Россияга каршы активдүү аракеттерди көрүүнү көздөп жатканы, Батыш ал жакта нааразылык акцияларды каржылап, кырдаалды туруксуздаштырып жатканы талкууланды;
алар тарабынан Армения менен Азербайжанга тынчтык келишимине Батыш аянтчаларында гана кол коюу сунушталып, ортого түшүү кызматтары таңууланып жатканы белгиленди;
ЖККУ күчтөрүн заманбап жана келечектүү куралдар, техникалар менен камсыздоо боюнча документтерге кол коюлду;
тажик-афган чек арасын бекемдөө боюнча уюмдун мамлекеттер аралык максаттуу программасын бекемдөө каралды.
Эске салсак, Жамааттык коопсуздук жаатындагы уюмду түзүү келишимине 1992-жылдын 15-майында кол коюлган. Башкы максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо. ЖККУга Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия жана Тажикстан кирет.
Радио
Чекиров: Кыргызстан ЖККУ менен болгон мамилесин өркүндөтүшү керек