ЖККУ күчтөрү заманбап куралдуу болот. Документке кол коюлду

Уюмдун башкы катчысы "ЖККУнун жамааттык коопсуздук аймактарындагы аскердик коопсуздук жаатындагы көйгөйлөр жана коркунучтар" деген темада доклад жасады.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Алматы шаарында Жамааттык коопсуздук жана келишими уюмунун коргонуу министрлеринин отуруму өттү.
Иш-чарага уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов жана Бириккен штабдын жетекчиси Андрей Сердюков катышкан.
Баш катчы "ЖККУнун жамааттык коопсуздук аймактарындагы аскердик коопсуздук жаатындагы көйгөйлөр жана коркунучтар" деген темада доклад жасады. Отурумдун жүрүшүндө жаматтык коопсуздук аймактарындагы аскердик-саясий кырдаал жана анын мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасирин талкуулашты.
Андан сырткары, ЖККУнун аскерлерлерин куралдардын жана техникалардын заманбап жана келечектүү үлгүлөрү менен камсыздоо боюнча документтер каралып, кол коюлду. Биргелешкен согуштук жана күжүрмөн даярдыкты пландоо, ЖККУнун тынчтык орнотуучуларын даярдоонун ыкмаларын өркүндөтүү, тажик-афган чек арасын бекемдөө боюнча уюмдун мамлекеттер аралык максаттуу программасын бекемдөө боюнча сүйлөшүштү.
Алматыда апта бою ЖККУнун алкагындагы иш-чаралар өтүп жатат