Радио

Чыналиев: дыйканчылык иштери үзгүлтүккө учураган жок

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бөлүм башчысы Муктар Чыналиев айдоо иштери 93 пайызга аяктап калганын айтты.
Sputnik
Россия менен Казакстандын экспорттун баасына тассири чоң. Жыл өткөн сайын сапат жагынан да атаандаштык өсүп жатат. Бул тууралуу Муктар Чыналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандан кылкандуу дан эгиндери, төө буурчак көп экспорттолот.
"Суук созулуп кеткендиктен жазгы айдап-себүү иштери кеч башталды. Ошол себептен дыйканчылык бир аз артка жылып жатат. Бирок бул айдоо аянттарын кескин кыскартууга алып келбейт. Учурда дыйканчылык иштери 93 пайызга аяктап калды. Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жана Кеминде гана айдала элек жерлер бар. Андан кийин Талас, Нарын облустарында айдоо иштери акыркы стадияларына келип жетти. Түштүктө иш жыйынтыкталды десек болот. Жеке менчик болгондуктан жылына эмне айдашты фермер өзү чечет. Бирок жылдагыдай эле айдоо жерлеринде кескин өзгөрүү болбойт. Акыркы жылдары картошканы экспорттоо жааты көйгөйгө айлангандыктан быйыл беш миң гектарга чейин кыскарышы күтүлүүдө. Ал эми кулпунай, малина өңдүү мөмө-жемиштердин көбөйөрү күтүлүүдө. Кылкандуу дан эгиндер былтыркы жылдын эле деңгээлинде болот", — деди Чыналиев.
Ал кулпунай өңдүү мөмө-жемиштер арзандап кеткенин кошумчалады.