Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Батыш менен батыша албай калдыбы? WP ортого жик түшкөнүн жазды

Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский менен Батыш мамлекеттеринин ортосунда пикир келишпестиктер күч ала баштаганын The Washington Post жазды.
Макалада украин саясатчылары чыр-чатак курчуп жаткан маалда америкалыктар аларды коррупция менен көбүрөөк күрөшүүгө мажбурлап жатканына нааразы экени айтылат.
Мындан тышкары, тараптардын ортосунда Россиянын аймагына сокку уруу боюнча маселеде да пикир келишпестик бар.
Гезит Зеленскийдин акыркы жумаларда Вашингтонго ыктаган аткаминерлерди кызматтан алганына, бул АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Киевге келип кеткенинен кийин болгонуна токтолгон. Анткен менен мамкатчы Украинага эмне максат менен келгени ачыкталган эмес. Басылма дал ушул сапардан кийин Украина жетекчилигинин нааразычылыгы күчөгөнүн жазды.
Макалада НАТОнун Вашингтондо өтчү саммитинен кийин абал мындан да курчуй турганы, жыйында Украинаны кабыл алуу тууралуу сөз болбосу айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина аскерлеринин көңүлүн калтырган Abrams. Салыштырма инфографика