УКМК: Европада терактыны пландаган топтун тарапташы делген кыргызстандык кармалды

Козголгон кылмыш иштин алкагында шектүү Кыргызстанга жеткирилип, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Чет өлкөлөрдүн биринде теракт уюштурууну пландаган эл аралык топтун тарапташы болгон кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМКнын чет элдик өнөктөштөрү менен жүргүзгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Европа мамлекеттеринин биринде террордук акт уюштуруу аракети токтотулган. Аталган террордук топтун тарапташы катары чет өлкөдө жашырынып жүргөн кыргызстандык И.А. аныкталган.
Козголгон кылмыш иштин алкагында шектүү Кыргызстанга жеткирилип, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
"Ага байланышы бар деген шек менен 29-майда Чүй облусунун Токмок шаарында 17 даректеги жайлар тинтилген. Анын натыйжада "Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмунун атрибутикасы бар экстремисттик адабияттар, маалыматтарды электрондук түрдө сактаган каражаттар, баңгизаттар жана ок-дарылар, 28 майнинг-ферманын жабдуулары табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды", — деп жазылат маалыматта.
Тинткенде табылган баңгизаттардан улам 53 жаштагы М.М.Д. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
ФСБ жетекчиси: Украина чалгын кызматынын "Крокустагы" терактыга тиешеси бар