Радио

Өлкөдө түйүлдүктүн эхокардиографиясына изилдөө жүргүзүү жаңы башталууда

Балдар кардиологу, феталдык эхокардиография боюнча адис Өмүрбүбү Маматова өлкөдө жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын айтты.
Sputnik
Түйүлдүктүн феталдык эхокардиографиясы — Кыргызстанда жаңы гана башталып жаткан тажрыйба. Бул төрөлө элек баланын жүрөк-кан тамыр системасынын иштөөсүн аныктаган диагностикалык процедура. Изилдөө түйүлдүктүн өнүгүүсүндө патологиялык процесстердин бар-жогун аныктоого мүмкүндүк берерин Өмүрбүбү Маматова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, түйүлдүктүн эхокардиографиясына изилдөө жүргүзүп, диагноз койгон адистер өлкөдө саналуу жана бул тажрыйба жаңы гана башталууда.
"Кыргызстанда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны жылдан-жылга өсүп жатат. Бирок мындай көрүнүш биздин өлкөгө гана тиешелүү эмес. Анын келип чыгуу факторлору да көп. Мисалы, энесине байланыштуу өнөкөт оорулар, кант диабети, ревматизм, кош бойлуу аялдын же жакындарынын жүрөк кемтиги бар болсо илдет генетикалык негизде да өтүшү мүмкүн. Ошондой эле кош бойлуу аялдын алгачкы үч айлыгында инфекциялык ооруларга дуушар болушу да жүрөк кемтигин жаратышы ыктымал. Эми азыркы учурда медицина тыным албай өнүгүү жолунда. Аялдын кош бойлуу учурунда түйүлдүктүн феталдык эхокардиографиясы — Кыргызстанда жаңы гана башталып жаткан тажрыйба. Ал аппарат төрөлө элек баланын жүрөк-кан тамыр системасынын иштөөсүн аныктаган диагностикалык процедура. Изилдөө түйүлдүктүн өнүгүүсүндө патологиялык процесстердин бар-жогун аныктоого мүмкүндүк берет. Түйүлдүктүн эхокардиографиясына изилдөө жүргүзүп, диагноз койгон адистер өлкөдө саналуу", — деди Маматова.
Ошондой эле ал тийиштүү адистер чет өлкөдө окуп, квалификациясын жогорулатып келерин кошумчалады.