Таласта алтын өндүрүүчү компаниянын мурдагы башкы директору кармалды

Атайын кызмат мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. "V.G.С." ЖЧКсынын алтын өндүрүүчү компаниясынын мурдагы башкы директору Е. Д. кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдары тарабынан "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркынан 4 гектар 20 сотых жер тилкеси алтын рудасын ташуу, түшүрүү, жүктөө жана калдыктарды сактоо үчүн "V.G.С." ЖЧКсына мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.
"Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган. Кармалган Е. Д. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал учурда тоо-кен тармагында консультациялык кызмат көрсөткөн "Г.А.М." ЖЧКсынын жетекчиси болуп иштеп жаткан. Аталган компания лицензия алууда кызыкчылыктарын ишке ашыруу максатында мыйзам талаптарын сактабай мамлекеттик органдар менен тоо-кен компанияларынын ортосунда ортомчу катары иш алып барган", — деп айтылат маалыматта.
УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында "Г.А.М." ЖЧКсына тиешеси бар тараптарды жана ушул сыяктуу мыйзам бузууларды аныктоо боюнча иш улантылып жатканын кошумчалады.
УКМК: Ташиевдин туугандарынын таанышымын деп алдап 1,5 млн. сом алган киши кармалды