Өзгөндө эки ири көпүрөнүн курулушу жыйынтыкталып калды. Сүрөттөр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу менен таанышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдо эки көпүрөнүн курулушу аяктаганы калды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
1 / 6

Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдо эки көпүрөнүн курулушу аяктаганы калды

2 / 6

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушун көрүп чыккан

3 / 6

Учурда Жазы дарыясындагы 77,25 метр жана Кара-Дарыя дарыясындагы 197,45 метрди түзгөн эки чоң көпүрөнүн курулуш иштери бүткөнү калды

4 / 6

Ал эми жалпы узундугу 13,491 чакырым болгон жолдун калган участкаларында да иш активдүү жүрүп жатат

5 / 6

Минкаб башчысы 300 адам жана 92 техника иштеп жаткан айланма жолдун бардык тилкелериндеги курулуш иштерин көрүп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берген

6 / 6

Минкаб башчысы 300 адам жана 92 техника иштеп жаткан айланма жолдун бардык тилкелериндеги курулуш иштерин көрүп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берген

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушун көрүп чыккан.
"Учурда Жазы дарыясындагы 77,25 метр жана Кара-Дарыя дарыясындагы 197,45 метрди түзгөн эки чоң көпүрөнүн курулуш иштери бүткөнү калды. Ал эми жалпы узундугу 13,491 чакырым болгон жолдун калган участкаларында да иш активдүү жүрүп жатат", — деп жазылган маалыматта.
Минкаб башчысы 300 адам жана 92 техника иштеп жаткан айланма жолдун бардык тилкелериндеги курулуш иштерин көрүп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берген.
А. Жапаров Барак эксклавынан көчкөн жарандар үчүн салынып жаткан айылга барды