УКМК: Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси кармалды

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар жооптуу кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүп жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Дене тарбия жана спорт департаментинин жооптуу кызмат адамдары ири суммадагы акча каражатын мыйзамсыз ыйгарууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Э.У.Т., эсепчиси К.Р.К. жана Дене тарбия жана спорт департаментинин каржы бөлүмүнүн башчысы А.Р.Д. кармалган.
"Алар Көк бөрү, Кыргыз улуттук классикалык күрөш, Алыш бел боо күрөш, Салбуурун, Кулатуу, Ат оюндары федерацияларын көзөмөлдөгөн усулчу жана машыктыруучулар менен алдын ала макулдашып алып, 2022-жылы Түркияда өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып келген спортчуларга күнүмдүк тамак-ашына, байге фондуна жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү үчүн мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн акча каражатын мыйзамсыз ыйгарып алышканы такталды", — деп жазылат маалыматта.
Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар жооптуу кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
УКМК: Бишкекте 1 млрд. сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды