Кыргызстанда даярдалган паспорттор бериле баштады. Видео

Буга чейин Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору Германияда, ID-карта Түштүк Кореяда чыгарылып келген.
Sputnik
Бүгүндөн тарта "Учкун" басмаканасы даярдаган паспорттор бериле баштады.
Кыргызстанда чыгарылган алгачкы паспортту тапшыруу аземи Жибек Жолу проспекти менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишиндеги №4 Калкты тейлөө борборунда (мурдагы "Эльдорадо" борбору) өттү.
Маалыматка ылайык, жалпы жарандык паспортко 30, ID-картага 20 коргоо элементи коюлган. Ошондой эле ID-картанын үлгүсүнөн жаңы желекти көрүүгө болот.
Баалары боюнча ID-карта 621ден 681 сом болуп, 60 сомго кымбаттаса, жалпы жарандык 1176дан 1591ге жетип, 415 сомго кымбаттаган.
Буга чейин Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору Германияда, ID-карта Түштүк Кореяда чыгарылып келген. Бул документтерди чет өлкөдө жасатуу үчүн мамлекет болжол менен 15 миллиард сом короткону айтылат.
Тема боюнча:
Паспортко документ тапшыргандан кийин даяр болгонун эки ыкма менен билсе болот