Кыргызстанда жасалган паспорттор бүгүндөн тарта бериле баштайт

Паспорттун бланктары Бишкектеги мамлекеттик "Учкун" басмаканасында чыгарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда өлкө ичинде даярдалган жалпы жарандык (чет элдик) паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармак аркылуу билдирди.
Кыргызстанда чыгарылган алгачкы паспортту тапшыруу аземи бүгүн Жибек Жолу проспекти менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишиндеги №4 Калкты тейлөө борборунда (мурдагы "Эльдорадо" борбору) өтөт.
Буга чейин Кыргызстандын чет элдик паспорттору Германияда, ID-карта Түштүк Кореяда чыгарылып келген.
"Бул документтерди чет өлкөдө жасатуу үчүн мамлекет болжол менен 15 миллиард сом короткон", — деди президенттик аппарат.
Паспортту "Учкун" басмаканасы даярдап, мурдагысына салыштырмалуу коргоо элементтери көп болот.
Паспортко документ тапшыргандан кийин даяр болгонун эки ыкма менен билсе болот