Эми Кыргызстандын ички каттамдарына санарип паспортту пайдаланса болот

Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Өлкөнүн ички каттамдарына санарип паспортту пайдаланса болот. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.
"Кыргызстан ичинде уча турган болсоңуз эми ID-паспортун ала жүрүүнүн кажети жок. Ички каттамдар менен жүргөндө Tunduk тиркемесинен паспорттун санарип түрүн көрсөтүп коюуга болот", — деп жазылган маалыматта.
Эске салсак, мамлекеттик "Түндүк" порталына паспорт, айдоочулук, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтер киргизилген. Учурда портал аркылуу 150дөн ашык кызмат көрсөтүлүп, алардын саны өсүп жатат. Быйыл апрелде жарандар алгачкы жолу шайлоо тилкелеринде идентификациядан өтүү үчүн электрондук паспортторду колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышкан.
Радио
"Түндүк" системасы аркылуу 1 миллиарддан ашык транзакция жүрүүдө