Кыргызстандын энергетиктери эл аралык инженердик чемпионатта сыйлыкка татыды

Бул жылы КМШнын жаш адистер лигасынын финалында Россия, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандан 11 команда катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Энергетиктерден турган команда КМШнын эл аралык инженердик чемпионатында өзгөчө сыйлыкка татыды. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Москвада өткөн КМШнын CASE-IN эл аралык инженердик чемпионатынын финалында ишкананын Nomad Energy командасы жаш адистер лигасынын "Ачылыш" номинациясында жеңүүчү болгон.
Бул жылы КМШнын жаш адистер лигасынын финалында Россия, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандан 11 команда катышты.
Мелдештин максаты инженердик-техникалык кесиптерди, инженердик билимди жайылтууда эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, келечектүү технологияларды аныктоо жана өнүктүрүү, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин адистеринин кесиптик билимин күчөтүү экени айтылды.
Советтик илимпоздор Кыргызстанда 60 ири ГЭС курса болорун айткан. Энергетикадагы алака