Диспетчер, айдоочулар жумушка алынат. Талаптары

Жумушка 18ден 35 жашка чейин адистер алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" диспетчерлер менен айдоочуларды жумушка чакырат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумушка 18ден 35 жашка чейинки адамдар алынат. Диспетчерлердин айлыгы 24 миң сом, ал эми D категориясы бар айдоочулардын маянасы 40 миң сомдон башталары айтылды. Ошондой эле В жана С категориялары бар айдоочуларга D категориясына өтүүгө акысыз окуу менен стажировка каралган.
Бардык суроолор боюнча 0312 531789 номерине кайрылууга болот.
Жумушчу жетишпей жатат. Садыр Жапаров иш издеп жүргөндөргө кайрылды