Бишкекте экспресс каттамдарды ачуу пландалууда. Тарифтер кандай болот?

Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек шаарында экспресс каттамдарды ишке киргизүү пландаштырылууда, токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Белгиленгендей, каттамдар атайын бөлүнгөн тилкелер боюнча жүрөт.
Сунушталган тарифтер:
экспресс-маршруткалар — 50 сом;
экспресс-автобустар — 50 сом, накталай эмес төлөсөңүз — 40 сом;
№153 маршрут (12-кичи райондон "Манас" аэропортуна чейин) накталай — 140 сом, накталай эмес — 122 сом.
Муниципалитет мындай экспресс маршруткалар аз токтоп, тез жүрөрүн белгиледи.
Бишкектин борбордук бөлүгүнөн кичи автобустарды алуунун экинчи этабы башталды