Алматыда апта бою ЖККУнун алкагындагы иш-чаралар өтүп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Алматыда 30-майдан 6-июнга чейин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Жакынкы күндөрү Алматыда ЖККУнун алкагында өтө турган (өтүп жаткан) иш-чаралардын тизмеси:
30-31-май — ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлер кеңешинин жыйыны (учурда өтүүдө);
2-3-июнь — ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин отуруму;
5-6-июнь — ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин отуруму.
Иш-чаранын масштабын, ошондой эле катышуучулардын жана коноктордун санын эске алуу менен Алматынын тургундарына шаарда жол кыймылы жарым-жартылай чектелерин Ички иштер башкармалыгы эскертти.
Радио
Чекиров: Кыргызстан ЖККУ менен болгон мамилесин өркүндөтүшү керек