РФ коргоо министри: Афганстандагы кырдаал ЖККУнун такай көзөмөлүн талап кылат

Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Борбор Азия чөлкөмүндөгү туруксуздуктун негизги булагы Афганстандагы кырдаал болуп жатат. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов ЖККУнун Коргоо кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, көп сандаган радикалдык топтор Афганстанда өз ордун таап, коңшу мамлекеттерде идеяларын жайылтууну күчөтүштү.
"Бандалык топтордун жана терроризмдин өлкөнүн чегинен тышкары жакка жайылып кетүү ыктымалдыгы өсүүдө. Бул бизден көзөмөл жүргүзүп, аймактагы кырдаалды турукташтыруу үчүн өз убагында чараларды көрүүнү талап кылат", — деди Белоусов.
КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны
Нарышкин: Афганстанга көзөмөл кыла алчу жалгыз күч — талибдер