Аэропорт. Шашкан эл. Каттамдарды айткан үн. Дүйнөдөгү эң кыймылдуу аэропорттордун биринде иштөө үчүн кандай талаптарга жооп бериш керек?

Sputnik
Бул ирет “Стимул” уктуруусунун коногу Дубай Эл аралык аэропортунда сатуу тармагында иштеп жаткан мекендешибиз Фарида Сейталиева болмокчу. Ал дүйнөдөгү эң кыймылдуу аэропорттун ичинде күн сайын 12 сааттан иштөөнүн күңгөй-тескейи менен бөлүштү. Түрдүү маданияттагы элди тосуп алган бул аэропорттун сатуу тармагында иштөө үчүн кандай талаптарга жооп бериш керектигине каарманыбыз кенен токтолуп айтып берди. Сейталиеванын айтымында, БАЭде кыргыз жаштарына суроо-талап жогору. Анткени алар өздөрүнүн жумушуна жоопкерчилик менен мамиле жасайт.
Ошондой эле мекендешибиз Орто Азиялык жаштар бир нече тилде эркин сүйлөй билгендиги алар үчүн чоң артыкчылык экенин кошумчалады.