Эми паспортту үйдөн чыкпай эле алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Sputnik
Калкты тейлөө борборлорунда жаңы кызматтар пайда болуу алдында турат. Эми жарандар үйдөн чыкпай эле паспорт алып калышы ыктымал. Аталган опция өз ишин күздөн тарта башташы мүмкүндүгүн Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты документтештирүү башкармалыгынын башчысы Анара Тиленова билдирди.
Мындан сырткары адис “Ачык кеп” программасынын алкагында мобилдик кызмат, электрондук кызматтар тууралуу маалымат берди.