Майып балдар үчүн кандай жайкы эс алуу программалары уюштурулууда

Sputnik
Май айы аякташы менен окуу жылы да бүтүп баратат. Демек окуучулар жайкы эс алууга чыгышат. Алардын катарында аз камсыз үй-бүлөдөн чыккан же мүмкүнчүлүгү чектелген да балдар бар. Мамлекет бул балдардын эс алуусу үчүн жылына канча акча бөлөт жана кандай программалар менен камсыздайт? Ден соолугунан жабыркаган балдарды атасы же апасы коштоп барат жана атайын медициналык жардам көрсөтүүчү адистердин, психологдордун да болушу шарт. Социалдык камсыздоо министрлиги бул балдардын эс алуусу үчүн быйыл бөлүнүүчү каржы булагын 15 миллион сомго жеткирүүнү көздөшүүдө.
Ал эми эс алуу мөөнөтү бир жума.