Тарыхы бир кыргыз-орус мамилелери ушул күнгө чейин кандай чагылдырылып келген? Окумуштуулар менен маек

Sputnik
Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде “Кыргызстан россиялык-советтик мезгилде: деколонизациялоо боюнча аңгемелешүүлөрдү активдештирүү шартында жалпы тарыхтын негизги маселелери” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Анда эки өлкөнүн окумуштуулары орус-кыргыз тарыхындагы урунтуу учурлар, алардын бул мезгилге чейин чагылдырылышы жана мындан кийинки илимий документтердин ачыкталып, элге таралышы тууралуу кеп козгошту. Жүздөгөн жылдарды камтыган эки элдин ортосундагы дипломатиялык мамилелер, тарыхый окуялар жана аларды изилдөө иштери тууралуу Улуттук университеттин илимий изилдөө борборунун жетекчиси, тарых илимдеринин доктору, профессор Шайыргүл Батырбаева айтып берди.