Акылбек Жапаров Бишкекке келген Иран делегациясына көңүл айтты

Өкмөт башчы дүйнө коомчулугу азыркынын ири мамлекеттик ишмеринен айрылганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекке келген Ирандын делегациясына өлкө башчысы Эбрахим Раисинин каза тапканына байланыштуу көңүл айтты.
Өкмөт башчы Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун 40-пленардык жыйынында сүйлөгөн. Эскерте кетсек, иш-чара кечээтен бери Бишкекте өтүп жатат.
"Учурдан пайдаланып Иран делегациясына Кыргызстандын жакын досу, президент Эбрахим Раисинин көз жумганына байланыштуу көңүл айтам. Дүйнө коомчулугу азыркынын ири мамлекеттик ишмеринен ажырады", — деди Жапаров.
Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бара жаткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясы тик учак кырсыгынан каза болгонун тастыктаган. Буга байланыштуу Иран эли беш күн аза күттү.
Раисинин азасына Кыргызстандан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барган.
Садыр Жапаров Иран элчилигине барып көңүл айтты