Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТОнун мурдагы кеңешчиси Зеленскийдин аргасыздык планын ачыктады

Украина президенти кыскартып отуруп, өзөктүк жана азык-түлүк коопсуздугу жана туткундагыларды куткаруу боюнча маселелерди калтырган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Украина Швейцариядагы саммиттин майнапсыз өтүп калышынан чочулап, өзүнүн "формулаларындагы" талкууга кое турган маселелерин азайтты. Бул туурасында НАТОнун мурдагы кеңешчиси, швейцариялык чалгындын отставкадагы полковниги Жак Бо интервью учурунда айтканын РИА Новости жазды
"План же формула дейбизби, реалдуулуктан таптакыр эле алыстап кеткен... Ал тургай Жозеф Байден да келбейт, башка лидерлер да конференцияга катышпайт, эми алар (украиналыктар — ред.) бул жыйын жаңылыштык экенин түшүнүшөт. Андыктан Зеленскийдин планындагы 10 пунктуну үчкө кыскартууга аракет кылып жатышат. Себеби ийгиликсиз болуп, эч нерсе ишке ашпай турганын көрүп турушат", — деген ал.
Экс-кеңешчи "формуладагы" пунктулардын азайышын швейцариялык саммитти "сактап калуу" аракети деп атап, бирок бул кадам деле сезиле турган эч кандай жыйынтык бербестигин айткан. Украинанын максаты — бул конференция ийгиликтүү болду деп көрсөтүү.
Бо Швейцария аталган иш-чарага БУУга мүчө 160 мамлекетти чакырганын, алардын ичинен 50дөн 70ке чейинкилери келерин айтканын билдирген.
"Блумберг" буга чейин Люцернде 15-16-июнда өтчү конференцияга Байдендин келиши күмөн экенин жазган. Россия ал жерде болбойт. Муну менен катар Зеленский саммитте өзүнүн "тынчтыктын формуласында" талкууланчу маселелерин кыскартып, болгону өзөктүк жана азык-түлүк коопсуздугу жана туткундагыларды куткаруу боюнча пунктуларды калтырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина вице-премьери: АКШ менен Германия Киевдин НАТОго кошулуусуна каршы