Пресс-борбор

Тiktok, мобилографиядан кантип каражат тапса болору айтылды

Соцтармакка видеоконтент жасаган редактор Кыргызстанда соцтармактардан түз акча түшпөй турганын, бирок катталуучуну көбөйтүп, жарнама алуу аркылуу бир топ акча тапса болорун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин мобилографы, кабарчысы Аяна Байтемирова мобилография учурда суроо-талапка ээ тармактын бири экенин айтып, андан айына бир топ акча болорун түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, Sputnik агенттигинин маалымат борборунда SputnikPro долбоорунун алкагында социалдык тармакка видео тартып, жасоо боюнча мастер-класс өткөрүлүп, ага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери катышкан.
Анда Аяна Байтемирова азыр ар бир экинчи ишкер, шоу-бизнес өкүлдөрү, ал тургай блогерлер да мобилограф жалдап калганын белгиледи.
"Мисалы, биздин Sputnik Кыргызстан агенттигинин соцтармактагы баракчаларына жарнама албайсыңарбы деп көп кайрылышат. Бирок биздин агенттик жарнама менен иштебейт. Мобилограф сурап кайрылгандар болот. Мобилографтарга адатта жеке бренди менен иштеп жаткандар, кандайдыр бир товар саткан ишкерлер кайрылат. Алар менен чын дилден, жоопкерчиликтүү болуп иштешиш керек. Негизи биз жаңылыктар менен иштеген мобилограф болгондуктан багытыбыз бир аз башкача", — деген Байтемирова.
Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги видеобөлүмдүн редактору Гүлдана Талантбекова соцтармактан акча табыш үчүн азыртан кызыктуу видеолорду тартып көрүп, контент жасап, катталуучу топтош керектигин айтты.
"Жеке баракчаларды азыртан активдүү алып баргыла" деп кеңеш берет элем. Кыргызстанда соцтармактардан түз акча түшпөйт, бирок катталуучуну көбөйтүп, жарнама алуу аркылуу бир топ акча тапса болот. Айрымдар санга көңүл буруу керекпи же сапаткабы деп сурашат. Активдүү болуу үчүн бардыгын жүктөп, эксперимент кылып көрүш керек. Бир эле социалдык тармакка байланбай ар биринен өзүңөрдү сынап көргүлө", — деген Талантбекова.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар.
Пресс-борбор
Sputnik агенттигинин Tiktok видеолору кантип жасалат? Редактордун кеп-кеңеши