Стивен Сигал биримдикте болуп Батышка азгырылбоого чакырды

Владимир Путин актерду Достук ордени менен сыйлады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин гуманитардык байланыштар боюнча атайын өкүлү, актер Стивен Сигал элди Батыш дүйнөсүнүн кара ниет ойлоруна каршы биригип, чындык жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Стивен Фредерик Сигал бейшемби күнү Кремлдин Екатерина залында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде Достук ордени менен сыйланды.

"Бизге таасири тийип жаткан согушту Батыш каржылап жатат. Бул ак менен каранын согушу. Бардык мамлекеттер жана элдер жалган маалыматтарга азгырылбай, биримдикте болушу керек. Биз элдин көзүн ачышыбыз керек. Чындык менен пропаганданы ажырата билүү зарыл. Акыйкаттык жана чындык үчүн күрөшүүгө бардыгын чакырып кетмекчимин", — деген Сигал.

Ал Украинада атайын операция башталганга чейин ар кайсы өлкөлөрдө башаламандыктарды жасап келишкенин белгилеген.
“Бүткүл дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согушка жакындоо коркунучунда турат. Дүйнө жалган маалыматка жана манипуляцияга сугарылып калгандай”, — деген актер.
Ал Кремлдин Екатерина залында чогулгандардын көпчүлүгү, айрыкча Россиянын президенти Владимир Путин мекенди коргоого зор салым кошконун белгилеген.
Путин: Борбор Азия өлкөлөрү кысымга алынган, бирок алар чөгөлөгөн жок