Пресс-борбор

Соцтармакты "жарган" видеолор кантип даярдалат. SputnikPro долбоорунан сүрөттөр

Sputnik Кыргызстан агенттиги социалдык тармакты "жарган" видеолор кантип жасалары, мобилограф болуу үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу студенттерге мастер-класс өткөрдү.
Sputnik
Иш-чара SputnikPro долбоорунун алкагында даярдалып, бул ирет тажрыйбалары менен Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги видеобөлүмүнүн редактору Гүлдана Талантбекова жана мобилограф, кабарчы Аяна Байтемирова бөлүштү.
Алар мобилографияга, соцтармакка кыска, кызыктуу видео жасоо сырларын айтып берип, студенттерге практика жүзүндө да видео тартууну көрсөтүп беришти.
Иш-чара кандай өткөнүн сүрөт түрмөктөн көрүңүз.
1 / 10

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жана мобилографы Аяна Байтемирова жаңылыктарды чагылдырууда мобилограф оперативдүү болушу керектигин айтып, кантип видеону тез, сапаттуу тартып, монтаж кылыш керектигин түшүндүрүп жатат

2 / 10

Мастер-класска Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери катышты

3 / 10

Видеобөлүмдүн редактору Гүлдана Талантбекова Sputnik агенттигинин соцтармактагы видеолорун миллиондогон киши көрөрүн, ал үчүн эмне кылуу керектигин айтты

4 / 10

Адис маалыматты ар түрдүү соцбаракчаларга жүктөө менен өз-өзүнчө катталуучу топтоого болорун, Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеолору Tiktok, Reels, Shorts тиркемелирине жүктөлөрүн кошумчалады

5 / 10

Спикерлер студенттерге сүрөт, видеону туура тартуу, фокус алуу, жарык менен иштөөнү да көрсөтүп беришти

6 / 10

Студенттер "мобилограф кантип акча табат", "кантип катталуучу топтойбуз" деген сыяктуу кызыктырган суроолорун берип, мастер-класс жандуу өттү

7 / 10

SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс

8 / 10

Катышуучулар жаңылык жайылтуу, соцтармак менен иштөө сырларын үйрөнгөнүн айтышты

9 / 10

Спикерлер студенттерди азыртан соцтармакта баракча ачып, аны активдүү алып барууга чакырды

10 / 10

Sputnik Кыргызстан агенттиги социалдык тармакты "жарган" видеолор кантип жасалары, мобилограф болуу үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу студенттерге мастер-класс өткөр

Тема боюнча:
Радиоэфирге даярдык, спикер тандоо. Студенттерге өтүлгөн мастер-класстан ирмемдер