Салык кызматы: накталай эмес төлөмдөрдү гана кабыл алгандар ККМден бошотулат

Накталай жана накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алган субъектилер бул мыйзам жобосун колдоно албайт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын салык мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, акчалай төлөмдөрдү накталай эмес түрдө гана жүргүзгөн ишкерлер ККМди колдонбой эле иштей алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Бул жаңы нерсе QR-төлөмдөр, POS-терминалдар, төлөм терминалдары, идентификацияланган электрондук капчыктар, мобилдик тиркемелер жана башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калкка төлөмдөрдү накталай эмес формада гана жүргүзгөн ишкерлерге тиешелүү.
Бирок накталай эмес жана накталай төлөмдөрдү кабыл алган субъектилер бул мыйзам жобосун колдоно албайт.
Кыргызстанда минималдуу киреше салыгын өзгөртүү каралууда